Жаңылыктар
Эрдигине баа жеткис ардагерлерибиздин бири - Шабдан Нарматов
Кыргызстан жаңылыктары
Эрдигине баа жеткис ардагерлерибиздин бири -  Шабдан Нарматов

Бейпил турмуштун орношуна салым кошуп, бүгүнкү бактылуу жашообузду тартуулаган Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагерлери жөнүндө кандай жакшы сөздөрдү айтсак да аздык кылат. Ошондой эрдигине баа жеткис ардагерлерибиздин бири - Сузак районунун Таштак айылынын тургуну Шабдан Нарматов. Ардагер 93 жашка келсе да өзү туруп, өзү басып, жада калса короо жумуштарын да аткарып коет.

93 жаштагы Шабдан Нарматов аксакалдын мындай кыймыл аракетине көбү таңданат. Уулдарынын кой дегенине карабай, короодогу алы жеткен жумуштарды аткарып коет. Аксакал ар дайым кыймыл аракет болуп турушу керектигин айтат.

“Эч болбоду дегенде, бир күндө 1 чакырым жөө басып туруш керек экен. Андай болбосо адамдын каны уюуп калат экен. Мен ар дайым жөө басам. Үйдө да отура албайм, короого чыгам. Кээде жолго чыгып, элдер менен сүйлөшүп келем. Жөн эле отура берсен болбойт, ар дайым кыймыл болуп туруш керек”,- дейт согуштун ардагери Шабдан Нурматов.