Жаңылыктар
Улуу Ата-Мекендик согушта 150 миңден ашык мекендешибиз курман болгон
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Ата-Мекендик согушта 150 миңден ашык мекендешибиз курман болгон

Улуу Ата-Мекендик согушка ар бир  төртүнчү кыргызстандык аттанып, алардын 150 миңден ашыгы курман болгон. 73 кыргызстандык Советтер Союзунун Баатыры наамына ээ болгон. Алардын  ичинде Жумаш Асаналиев да бар. Бүгүнкү   күнгө чейин анын эрдигин   беларус  эли  унутпай, жаркын элеси  эскерилип келет. 

Ал 1923-жылы Ысык-Көл аймагынын Ак –Суу районунун Отуз-Уул айылында  туулган. Жумаш Асаналиев 1944-жылы 24-июнда Белоруссияда Витебскинин  шаарынын жанында   фашисттер менен  салгылашта каза болгон.  Ага бул эрдиги үчүн  Советтер Союзунун Баатыры деген наам 1944-жылы 22-июлда берилген. Витебск шаарында Жумаш Асаналиев атындагы көчө  бар.  Азыркы күндө да көчөнүн тургундары  “Биздин Жумаш” деп  кыргыз уулунун  эрдигине таазим кылат. Ал эми 2005-жылы  Жумаш  Асаналиевге  Минскиде  эстелик тургузулган.

Бул жерден белгилей кетчү жагдай,  биринчи жолу өлкөбүздүн  тарыхында чет мамлекетте  кыргыздын чыгаан уулуна  эстелик коюлган.

Маалыматтарга караганда, бүгүнкү  күнгө чейин беш миңден  ашык жоокерлерибиздин дайыны жок. Дегени менен азыркы маалда Улуу Ата-Мекендик согушта курман  болгон жоокерлерибизди  издөө иштерин кесиптешибиз Светлана Лаптева, илимпоз Леонид Сумароков жана “Эрдик”уюму аткарып келет. 

Даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Бакыт Тапаев болду.