Жаңылыктар
Менчик ветеринарлар эми расмий ветеринар статусуна ээ болду
Кыргызстан жаңылыктары
Менчик ветеринарлар эми расмий ветеринар статусуна ээ болду

Республикадагы менчик ветеринарлар эми расмий ветеринар статусуна ээ болду. Бул тууралуу ветеринарлардын кесиптик майрамына арналган иш-чарада маалымдалды. Ошону менен бирге мал жандыктарынан жугуучу кутурма, шарп, бруцеллёз, эхинококкоз сыяктуу илдеттен жабыркаган жарандардын саны беш эсеге кыскарганы белгиленди. 

Өкмөт тарабынан жылдан-жылга ветеринария тармагына олуттуу көӊүл бөлүнүп келүүдө. Малды дарылоого мамлекеттик бюджеттен акча  каражаты мурунку жылдарга караганда үч эсе көп бөлүнүп жатат. 

Натыйжада  жылдан-жылга малдын ылаӊы жана малдан жуккан адамдардын оорусу да азаюда. Азыркы учурда республиканын аймагы боюнча эпизоотиялык абал туруктуу. Маалыматка ылайык,  бүгүнкү күндө республика боюнча 629948 баш саан уй идентификациядан өткөрүлүп,  маалыматтык системге киргизилди.

Кадыр Калилов, "Биринчи радио"