Жаңылыктар
Алайдын Курулуш айылында жер көчкү коркунучу жаралды
Өзгөчө кырдаал
Алайдын Курулуш айылында жер көчкү коркунучу жаралды

Алай районунун Кабылан-Көл айыл аймагындагы Курулуш айылында кечээ, 1-май күнү жаңы жер көчкү активдешип, 3 метр сүрүлгөн. Адистер билдиргендей, көчкүнүн узуну 300, туурасы 100, бийиктиги 5 метр, көлөмү болжол менен 150000 м³. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. 

2 турак үйгө 200 метр алыстыкта жүрүп, кооптулук жараткан. Коркунуч келтирилген турак жайлардын тургундары айыл аймак тарабынан туугандарынын үйлөрүнө көчүрүлгөн.

Жер көчкүсү канчалык деңгээлде коопту экендиги тиешелүү адистер тарабынан изилденип, көчкүнүн түшүүсү 14 турак үйгө кооптуу экени аныкталган.