Жаңылыктар
Биометриялык паспорт акысыз берилет
Саясат
Биометриялык паспорт акысыз берилет

Биометриялык паспорт 2017-жылы 1-майдан тарта  жылдын соңуна чейин акысыз берилет. Электрондук паспортту өздүк документ, айдоочулук күбөлүк жана банк картасы, пенсиялык китепче катары да колдонсо болот. Паспортто жалпысы 19 маалымат камтылат. Эми мамлекеттик кызматтарды колдонууда ашыкча кагаз топтоп убаракерчилик тартуу сыяктуу көрүнуштөр артта калат деп белгилешкен адистер, күзүндө болуучу президенттик шайлоо да электорндук паспорттун негизинде өтүп, ачыктык камсыз болот деп ишендиришүүдө. 

Эсиңиздерге сала кетсек өткөн жуманын соңунда президент Алмазбек Атамбаев премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана өзүнүн Аппарат жетекчиси Сапар Исаков менен бирге, өлкөдө биометриялык электрондук паспортторду киргизүү ишинин башталышын талкуулаган.

Анда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда биометриялык электрондук паспортторду киргизүү - электрондук өкмөттү түзүүнүн жана президент демилгелеген «Таза Коом» долбоору - өлкөнүн санариптик келечекке  кадам ташташынын негизи шарты болуп калаарын белгилеген.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"