Жаңылыктар
Атамбаев: жаңы дайындоолор
Кыргызстан жаңылыктары
Атамбаев: жаңы дайындоолор

Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Данияр Мукашев Бириккен Улуттар Уюмундагы жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды. 

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен Кыргызстандын АКШдагы элчиси Кадыр Токтогулов Америка Кошмо Штаттарынын Вашингтон шаарында резиденциясы менен эки ишти айкалыштырып, Кыргыз Республикасынын Канада өлкөсүндөгү Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Ошондой эле, Миргуль Молдоисаеваны Нью-Йоркто жайгашкан Бириккен Улуттар Уюмундагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү кылып дайындоо тууралуу жарлыкка президент кол койду. 

Ал эми өлкө жетекчисинин башка жарлыгына ылайык, Ренат Тулебердиев - Түркиянын Стамбул шаарындагы Кыргызстандын Башкы консулу кызматынан бошотулду.