Жаңылыктар
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү турак - үйлөрдү басып калды
Өзгөчө кырдаал
Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылындагы жер көчкү турак - үйлөрдү басып калды

Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш айылы менен Маркс айылынын ортосунда 1-майдан тартып жүрө баштаган жер көчкү, алгач 13 турак үйдү андан соң, 2-майда 3 үйдү басып калды.

Үстүбүздөгү жылдын 27-апрель күнү 15 турак үйдүн тургундары ӨКМ тарабынан, айылдын жогору жагындагы коопсуз “Жолборс-Үнкүр” участкасына орнотулган 15 даана чатырларга көчүрүлгөн.

Кооптуу аймакта дагы 61 турак-жай бар. Андан тышкары мектеп, бала бакча, эмкана жана мечитке да коркунуч жаралды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан кечээ, 1-май күнү кошумча 46 даана 5 орундуу чатыр жана 46 даана тазалык каражаттары бөлүнүп, аталган айыл аймагына жеткирилген. Ошондой эле, 46 даана чатыр "Жолборс-Үнкүр" участкасына орнотулуп, 45 үй-бүлөө көчүрүлгөндүгүн ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.