Жаңылыктар
Түп районунан 12 бала Кореядан билим алып келишет
Кыргызстан жаңылыктары
Түп районунан 12 бала Кореядан билим алып келишет

Түп районунан 12 бала түштүк Кореянын Кёнсан-Пукто провинциясындагы Йончхон шаарчасында айыл чарба багытында билим алып, эки жыл иштеп келишет. 

Мындай макулдашуу Түп району менен Корея мамлекетинен келген, дары чөптөрдү даярдай турган компаниянын ортосунда түзүлдү. Бул балдарды окутуу бекер жүрөт. 

Чыгымдарды толугу менен Корея мамлекети көтөрүүдө. Мындан сырткары эки жылдык иш менен камсыздоону да моюнга алышат. Эки ортодогу макулдашууга ылайык бул долбоорду мындан ары да улантуу жагы каралууда.