Жаңылыктар
Президент Өзгөндүн Аюу айылындагы кырсык тууралуу маалымат алды
Өзгөчө кырдаал
Президент Өзгөндүн Аюу айылындагы кырсык тууралуу маалымат алды

Президент Алмазбек Атамбаев Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алып, Өзгөндүн Аюу айылындагы кырсык тууралуу маалымат алды.

 Министр Мамлекет башчысына көчкү алдында калгандарды издөө, айыл жашоочуларын башка аймакка көчүрүү, аларга убактылуу баш калка берүү аракеттери жөнүндө айтып берди. Алмазбек Атамбаев каза тапкандардын жакындарына дагы бир ирет терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырсыктан зыян тарткандардын баарына жардам берүү зарылдыгын айтты. 

Президент болуп өткөн табигый кырсык Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдын алуу ишин күчөтүүсү керектигин көрсөттү- деп айтты. Аны менен катар жергиликтүү бийлик органдары кооптуу тилкелерде жашагандарды башка жерге жайгаштыруу ыкмаларын, алардын коопсуздугун камсыздоо маселесин кайра карап чыгышы керектигин белгиледи.