Жаңылыктар
"Кентавр" тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды
Маданият
"Кентавр" тасмасы эл аралык кинофестивалда баш байгени жеңип алды

Режиссер Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы Бельгияда өткөн эл аралык кинофестивалда башкы байгени жеңип алды. Фестиваль 18-апрелден 30-апрелге чейин Тюрнхаут жана Брюгге шаарларында өткөн. 

Тасма баш байге болгон "Канвас" сыйлыгын утуп алгандыктан эми Бельгия, Нидерланд жана Люксембургда көрсөтүлөт. Фильмде Актан Арым Кубат башкы ролду ойнойт. "Кентавр" - өз элинин улуттук баалуулуктарынын сакталып калышына жан үрөгөн адам тууралуу тасма.