Жаңылыктар
Түштүк Корея кыргызстандык балдардын операциясына жардам берет
Ден соолук
Түштүк Корея кыргызстандык балдардын операциясына жардам берет

Кыргызстандагы жүрөк, кан-тамыр жана органдарды алмаштыруу институту Түштүк Кореянын эл аралык Милан фонду менен кызматташуу меморандумуна кол койду. 

Ага ылайык, аталган фонд Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн тубаса жүрөк кемтиги менен туулган балдарынын операциясына жардам көрсөтөт. Фонд буга чейин Кыргызстандык 26 баланын операциясына Түштүк Кореяда жасоого жардам берип, былтыр декабрдан ушул күнгө чейин 13 баланын Бишкекте операция болушуна каржылык колдоо көрсөткөн. Меморандумдан кийин эми алдыдагы 5 жылда жылына 50 баланын операциясына кетүүчү каражатты төлөп берет.

“Бизде тубаса кемтик менен төрөлгөн балдар көп. Булардын колдоосу алардын оорусун жеңилдетет деп ойлойбуз. Операция кезегин күтүп 40 бала турат”,- деди Жүрөк, кан-тамыр хирургиясы жана органдарды алмаштыруу институтунун директорунун орун басары Кылычбек Жоошев.