Жаңылыктар
Дартка дабаа төө сүтү
Ден соолук
Дартка дабаа төө сүтү

Төөнүн сүтү кант диабети оруусун дарылоо касиетине ээ. Мындай билдирүүнү Монголия менен Кытайдын окумуштуулары ишендирүү менен айтууда. Алардын айтымында төөлөрдө ачкачылыкка, ысыкка жана температуралык өзгөрүүлөргө туруштук берген уникалдуу биологиялык мүмкүнчүлүгү бар. 

Төөнүн канында глюкоза жогору, ошол эле учурда инсулиндин денгээли төмөн, бул диабеттин белгилерине окшошуп кетет. Илимий изилдөөлөр көрсөткөндөй, метаболизм үчүн жооп берген цитохром ЭР450 гени төөнүн канында адамдыкына караганда жогору. 

Бул гендин жардамы менен төөлөр канда глюкозанын денгээли жогору болгонуна карабастан, инсулиндин деңгээлин көзөмөлдөй алышат. Мындан улам окумуштуулар бир нече ирээт жүргүзүлгөн изилдөөлөрдөн кийин төөнүн сүтү диабетти дарылай алаарына көзү жеткен.