Жаңылыктар
Өзгөчө кырдаал: өкмөт башчы жеке көзөмөлүнө алды
Кыргызстан жаңылыктары
Өзгөчө кырдаал: өкмөт башчы жеке көзөмөлүнө алды

Акыркы мезгилде өлкөдө табият кырсыктары күч алып, адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурлар көп катталууда. Тийиштүү мекемелердин мындай кырдаалдарга болгон даярдыгын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жеке көзөмөлүнө алды. Учурда Өкмөт башчы жумушчу сапары менен Жалал-Абад облусунда жүрөт. Бүгүн өкмөт башчы ӨКМдин облустагы бөлүмүнүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча жүргүзгөн иши жана даярдыгы менен таанышты. Ошондой эле бир катар инфраструктуралык жана социалдык объектилердин абалы жана курулушунун жүрүшүн көрдү.

 

Жалал-Абад шаарындагы № 18 «Манас-1000» орто мектебинде эки жүздөн ашык окуучу билим алат. Жылдан жылга балдардын саны артып, жаңы мектепти куруу зарылчылыгы келип чыккан. Премьер-министр Жээнбеков өлкө башчысы билим берүү жана медициналык объектилердин курулушуна өзгөчө көңүл бурарын белгиледи. Ал эми алтынчы мектептин курулушу 2015-жылы башталып, дагы эле аяктабай келет. Балдар көп жылдан бери коңшу мектептин имаратында билим алууда. 

Аймактарды өнүктүрүү концепциясына ылайык Жалал-Абад шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу каралган. Өкмөт башчысы Сузак районунун Тайгараев жана Төш-Кутчу айылдарын бириктирген жолду көрүп чыкты. Жергиликтүү тургундар билдиргендей, жолдун учурдагы абалы өтө начар болгондуктан, жол кыймылы улам-улам үзгүлтүккө учурайт. Жээнбеков Транспорт жана жол министрлигине маселени көзөмөлгө алып, ылайыктуу сунуштарды киргизүүнү тапшырды. Ошондой эле премьер-министр Жалал-Абаддагы Барпы сейил жана Токтогул көчөлөрүнө асфальт төшөө долбоорлору менен таанышты. Быйыл жалал-абаддыктар үчүн калаанын борборуна жер астындагы өтмөктүн салынышы жаңылык болот. Анын узундугу 31, туурасы 6 метрди түзөт. 

Өкмөт башчынын сапарынын негизги максаты - өзгөчө кырдаалдар жерлерине баруу. Ал Благовещенск айылындагы 4-дамбанын курулушунун жүрүшү менен таанышты. Тынбай жааган жаан 6 миң 900 метрлик дамбанын 360 метрин жууп кеткен. Анын кесепетинен 150 турак үй менен 250 гектар сугат жер суу алдында калып калышы ыктымал. Ал арада Сузак айыл аймагында дамбаны ашар ыкмасы менен кура башташты. Дамбанын 152 метрин жууп кеткенден улам 240 үй суу алдында калуу коркунучу жаралган. Премьер-министр тиешелүү мамлекеттик органдарга реконструкция иштерин жүргүзүү үчүн бардык керектүү курулуш материалдар менен убагында камсыз кылып турууну тапшырды. 

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Базар-Коргон районунун жер көчкү жүргөн Көк-Алма айылына барды. Бактыга жараша табият кырсыгынан улам жабыркагандар жок. ӨКМ түнү менен 5000 тургунду эвакуациялаган. Мындан сырткары, премьер Ош облусунун Өзгөн районундагы Аюу жана Жалпак-Таш айылдарынын тургундары менен жолукту. Эртең, 3-майда өкмөт башчы Ош шаарында калкты жана республиканын аймактарын өзгөчө кырдаалдардан коргоону камсыз кылуу маселеси боюнча селектордук жыйын өткөрөт. Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жыйынга он-лайн режиминде видеоконференция аркылуу катышышат. Белгилей кетсек Өкмөт башчысы 3 күндөн бери республикадагы өзгөчө кырдаалдарга байланыштуу кооптуу делген аймактарды кыдырууда. Буга чейин эки күн Ошто болсо бүгүн Жалал-Абад облусунда жүрөт.