Жаңылыктар
Биометрика: жаны паспорттор бериле баштады
Кыргызстан жаңылыктары
Биометрика: жаны паспорттор бериле баштады

Биометрикалык паспортторду акысыз берүү өнөктүгү башталды. Ал 31-декабрга чейин уланат. Учурда мамлекеттик каттоо кызматынын кеңселеринде кезек күткөндөр арбын. Жаңы үлгүдөгү паспорт жаран үчүн да, мамлекет үчүн да ыңгайлуу. Жаңы муун документ алууда түйшүк тартпайт. Алгачкы ирет паспортко ээ болуу максатында тиешелүү мекемеге кайрылган 17 жаштагы Сыймык Эсенгазиев бул үчүн убара болбогонун айтат. 

Паспорт алууда мурдагыдай топ кагаздарды топтоо түйшүгү жоюлуп, баары жөнөкөйлөштүрүлгөн. Туруктуу жашаган жери каттоодо болсо, кеңсеге эски паспортун алып келүү гана жетиштүү. Жаңы паспорт дал ушундай үлгүдө. Андагы микросхемада жаран тууралуу маалыматтар жана анын электрондук-санариптик кол жазмасы камтылган. Калкты тейлөө борборуна кайрылгандар арбын. Паспорт алуу жөнөкөйлөштүрүлгөнү менен кезек күтүү түйшүк жаратууда. Баары паспортту акысыз жаңыртып алууга ашыгып жатат. 

Жаңы паспорттор 31-декабрга чейин акысыз берилет. Ал эми 2004-жылкы үлгүдөгү паспорттор укуктук күчүн жоготпойт, бирок бара-бара колдонуудан чыгат. Мамлекеттик каттоо кызматы келечекте электрондук паспортко 5 түрлүү документтерди камтууну максат кылууда: жеке күбөлүк, пенсиялык китепче, медициналык карта жана банктык эсеби. Мындай артыкчылык мамлекеттик органдардын кызматын пайдаланууда болуп келген алешемдиктерди жоёт.