Жаңылыктар
Шайлоолор тууралуу мыйзамга толуктоолор талкууга алынды
Кыргызстан жаңылыктары
Шайлоолор тууралуу мыйзамга толуктоолор талкууга алынды

Президенттик шайлоонун мөөнөтүн 15-октярга белгилөө, шайлоочулардын тизмесин дыкат текшерүүгө болгон ыкмалар жана жарнамаларды жайгаштырууну тартипке салып, президенттикке талапкердин күрөө коюлчу каражатынын өлчөмүн көбөйтүү. Бул жана башка толуктоолор камтылып жаткан Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзам парламенттик угууда талкууга алынды. Парламенттик угууда көтөрүлгөн биринчи демилге президенттик шайлоону өткөрүүнүн мөөнөтү боюнча болду. Депутат Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрга белгилөөнү демилгелеп жатат. Эл өкүлү шайлоонун экинчи айлампасы болуп калса октябрь эң эле ылайыктуу мезгил деп эсептейт. 

Бул маселени талкулоо учурунда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова мөөнөттөр боюнча эч кандай карама-каршылык жаралбай турганын жана шайлоону өткөрүүгө зарыл болгон жол-жоболорду даярдоого убакыт жетиштүү болоорун билдирди. Мыйзам долбооруна камтылып жаткан олуттуу демилгенин бири президенттикке талапкерлерге шайлоо күрөөсүн 2 млн сомго чейин көтөрүү. Депутат Мирлан Жээнчороевдун айтымында азыркы колдонуудагы мыйзамга ылайык учурда күрөөнүн өлчөмү 1 млн сом. Бирок талкуу маалында күрөөнүн суммасына каршы болгондор болду. Ошону менен бирге укук коргоочулар тарабынан иш алып барууга жеңил болушу үчүн шайлоого байланыштуу тийиштүү документтерди БШКнын сайтына жайгаштырып туруу сунушу берилди. 

Муну менен катар депутаттар шайлоочулардын тизмесин үч сыйра текешерүү сунушун берип жатат. Мындай болгондо тизмелер боюнча баш оору болбойт. Ошол эле маалда шайлоого катышуу тууралуу жарандарга жөнөтүлүп келген билдирүү баракчаларын жокко чыгаруу демилгеленип жатат. Депутаттардын айтуусунда мындай жумушка убакытты коротпой бул милдетти БШКга жүктөө туура болот. Боршайком өз кезегинде радио, телевидение жана интернет аркылуу маалыматты таратат. 

Талкуунун жүрүшүндө президенттикке талапкерлер кыргыз тилинен экзаменди мамлекеттик тил боюнча Улуттук комиссияга эмес, “Кыргызтест” программасы аркылуу тапшыруу ченеми каралып жатканы маалым болду. Ошондой эле коопсуздук үчүн тоо боорлоруна жана тоолорго үгүт материалдарын жайгаштырууга тыюу салынып жактаны ырасталды.