Жаңылыктар
Аюу айылындагы жер көчкүдөн каза болгондорго жаназа окулду
Өзгөчө кырдаал
Аюу айылындагы жер көчкүдөн каза болгондорго жаназа окулду

29-апрелдин таңында Аюу айылындагы жер көчкүдөн каза болгондорго жаназа окулду. Маркумдарды акыркы сапарга узатуу зыйнатына 1-вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген өкмөт мүчөлөрү, маркумдардын жакындары, айылдаштары жана республиканын булуң-бурчунан келген жарандар катышты. Жакындарын жоготкондордун үй-бүлөлөрүнө президенттик фонддон жалпы 700 миң сом, өкмөттүк фонддон 490 миң сом материалдык жардам көрсөтүлдү. Эскерте кетсек жер көчкүнун алдында жалпысынан 24 адам калган, алардын бешөөсүнүн сөөгү табылды.

29-апрелдеги жер көчкү астында калган 7 үй-бүлөнүн жакындарына президенттик фонддон ар бир үй-бүлөгө 100 миң сомдон, өкмөттүк фонддон 70 миң сомдон материалдык жардам көрсөтүлдү. Бийлик башчыларынын аманатын биринчи вице-премьер-министр Мухамедкалый Абулгазиев тапшырды. Президент Алмазбек Атамбаевдин терең кайгыруу менен көңүл айтканын жеткирген 1-вице-премьер-министр, жакындарын жоготкон жарандарды сабырдуу болууга чакырды.

Каргашанын залакасы тийгендердин баардыгына мамлекеттик органдар тарабынан бардык жардамдар берилээрин айткан Абулгазиев, коопсуз жактарга көчүрүлө турган жарандарды бардык жашоо-шарт менен камсыз кылууну мамлекет башчы өзү көзөмөлүнө алаарын билдирди. Жалпы Өзгөн районундагы кооптуу аймакта жайгашкан үй-бүлөлөр үчүн аталган райондун Төрт-Көл айылдык аймагынан 42 гектар жер аянты бөлүнүп берилди. Мындагы жер тилкелери Аюу айылындагы жер тилкесине муктаж болгон жарандарга да берилет.

Кырсык болгон күнү эле, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы чукул отурумга жыйылып, фатва кабыл алган. Бул чечимди кечээ аалымдар кеңеши жергиликтүү калкка тааныштыруу максатында облусттук казыяттын өкүлдөрүнө тапшырып кеткен. Анда, кандайдыр бир кырсык катталган учурда, урандынын же топурактын астында калган жарандарды издөө иши оорчулук жараткан болсо, аларды сууга алып кепиндебөө кечиримдүү болоору, белгиленген мөөнөткө чейин, маркумга жаназа окулбаса ал кийин кабыл алынбаары туурасында жазылган. Көчкү астында калгандарды издебей, ал жердин тегерегин тосуп, мазар кылуу сунушуна жакындарынан айрылгандардын теңинен көбү макулдугун берген. Айтымдарында, тагдырдын маңдайга жазганынан эч ким качып кутула албайт. 

Мындагы жыйылган көпчүлүктүн макулдугу менен маркумдарга жаназа окулду. Шейит кеткендерди акыркы сапарга узатуу зыйнатына маркумдардын жакындары, айылдаштары, өкмөт мүчөлөрү жана республиканын булуң-бурчунан келген жарандар катышты. Кыргыз эли башка оор күн түшкөндө бир муштумдай биригип, оорун колдон, жеңилин жерден көтөрүп, жапа-тырмак жардам берген улуу сапатын дагы бир ирет көрсөттү. Турак жайынан айрылгандарга жылуу кийим-кечек, азык-түлүк жүктөгөн унаалар келип жатат. Боордоштук милдетин өтөп, Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз жигиттери кырсыктын жабырлануучуларына ири суммадагы акчалай жардам алып келишти. Кырсык болоор замат, ар аймак, шаар, облустардан ишке жарамдуу жаштар келип куткаруучуларга өз ыктыярлары менен жардам берип жатты. Издөө ишине биринчи күнү эле 350дөй куткаруучу тартылган.

29-апрель күнү эле, табигат кырсыгы катталган аймакка атайын штаб менен медициналык пункт ачылып, күнү-түнү иш алып барууда. Азыркы тапта, Өзгөн райондук аймактык ооруканасында жети адам дарыланууда. Буга чейин, инсуль болуп, жандандыруу бөлүмундө жаткан жарандын абалын дарыгерлер учурда канаатандыраарлык деп билдирүүдө. Жашоо уланууда. Буга чейин кыйраган электр мамычаларын калыбына келтирүү аракети жүргүзүлүп, аймакка электр чубалгылары тартылып жатат. Энергетиктердин айтымында, эртеңден тартып, буга чейин электр жарыгы жок отургандарга электр жарыгы берилет.

Жалпы Зергер айыл аймагынан коопсуз жакка көчүрүлүүгө тийиш үй-бүлөлөрдүн саны 600дөн ашты. Ал эми, жалпы Ош облусунун аймагында коопсуз жактан жер тилкелерине муктаж үй-бүлөлөрдүн саны 2 миңге чукул. Жалпы Ош облусунун аймагында, жер көчкү жетүү коркунучунда турган 359 аймак катталган. Учурда булардын 60 пайы активдешкенин айткан өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.