Жаңылыктар
Аюу айылындагы көчкү алдынан дагы эки адамдын сөөгү табылды
Кырсык
Аюу айылындагы көчкү алдынан дагы эки адамдын сөөгү табылды

Оштун Өзгөн районундагы Аюу айылында көчкү басып калган 4 жана 39 жаштагы дагы эки адамдын сөөгү табылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, алар 2-майда кечке жуук топурак астынан чыгарылган. 

29-апрелде тоонун боорунан көлөмү 200 миң метр куб жер көчкү түшүп, жети үйдөгү 24 адамды басып калган. 30-апрелде үчөөнүн сөөгү табылган болчу.