Жаңылыктар
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшү мүмкүн
Саясат
Кыргызстанда президенттик шайлоо 15-октябрда өтүшү мүмкүн

Мындай сунуш  кечээ «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угууда айтылды. Ошондой эле мыйзам демилгечилери тарабынан президенттике талапкерлердин күрөөсүн 2 миллион сомго чейин көтөрүү да сунушталууда. 

Жогорку Кеӊеште КСДП жана «Республика – Ата-Журт» фракцияларынын демилгеси менен шайлоо жүрүмүн өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу болду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутат  Дастан Бекешов эгерде президентик шайлоо 2 тур менен өтүп калса анда мыйзамда көрсөтүлгөн ортодогу аралык менен жаңы жылга туш келээрин, андыктан шайлоону 15 - октябрга белгилөө ылайык болоорун, мындай сунуш, КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов тарабынан да айтылганын белгиледи.

Белгилей кетсек  мыйзам долбоору эми комитетте, андан соң парламенттин  жалпы жыйынында талкууланат.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"