Жаңылыктар
Бишкекте кайрадан курал сакталган кампа тонолду
Кылмыш
Бишкекте кайрадан курал сакталган кампа тонолду

Бул белгисиз адамдар "Альфа секьюрити" күзөт агенттигинин кампасынан 20 даана курал-жарагын уурдап кеткен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдан билдирди. Учурда шектүүлөрдү издөө иштери башталды. Буга чейин да укук коргоо органдарында иштеген топ адам 2 жылдан бери Чек ара кызматына караштуу аскер бөлүгүнөн ок-дары, куралдарды уурдап сатып жүргөндөрү аныкталган. Талдоочулар тонолгон курал-жарактар экстремистик маанайдагы уюмдарга же уюшкан кылмыштуу топтордун колуна түшүшү мүмкүн деп кооптонууда. 

Эске салсак, Бишкекте бир ай мурун милиция кызматкерлери курал-жарактар катылган беш гаражга ээлик кылат деп шектелген 55 жаштагы жаранды түшүргөн. Анын унаа токтотуучу жайын тинтүү учурунда "Калашников", "Сайга" жана ар кандай үлгүдөгү мылтыктар, ок-дары, жардыруучу заттар табылган. Ал эми милиция борбор калаада 2010-жылы апрель окуясында жоголгон курал-жарактардын теңин жарандар азыркыга чейин өткөрүп бере электигин билдирип келет. Маалыматка ылайык, ошол убакта шаарда жалпы ар түрдүү типтеги 608 курал-жарак жоголсо, анын 309у өткөрүлүп берилип, 299у элдин колунда калган.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"