Жаңылыктар
“Коопсуз шаар” долбоору Кыргызтелекомдун базасында ишке ашышы мүмкүн
Кыргызстан жаңылыктары
“Коопсуз шаар” долбоору Кыргызтелекомдун базасында ишке ашышы мүмкүн

“Коопсуз шаар” долбоорун өкмөт Кыргызтелекомдун базасында ишке ашырууну демилгелөөдө. Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында өкмөт өкүлдөрү  долбоорду аталган ишкананын базасында ишке ашуруу  кыйла  арзан болорун ырасташты.  Жакын арада бул боюнча пилоттук долбоор Ош, Бишкек шарларында  ишке ашырыла баштамакчы. Ал арада эл өкүлдөрү алгач долбоордун каржы булактарын так аныктап алууну жана анын ишке ашуусу  Ички иштер министрлигинин дыкат  көзөмөлүндө болушу керектигин билдиришти. 

Ошентип, Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинде  өкмөт “Коопсуз шаар” долбоорун  Кыргызтелекомдун базасында ишке ашыруу демилгесин көтөрдү. Долбоор боюнча соттук  иштерге  карабастан, азыркы учурда Бишкек жана Ош шаарларында видеобайкоо жүргүзүүнүн программалык жабдууларын орнотуу керек болууда.Талкуудан соң депутаттар Ош, Бишкек шаарларында комплекстүү видеобайкоо менен фото көзөмөл жүргүзүү боюнча комплектүү программаны ишке ашыруу тууралуу  өкмөттүн маалыматын  колдоого алышты.

Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"