Жаңылыктар
Кыргызстанда бир дагы митинг социалдык көйгөйдү көздөбөйт
Өзгөчө кырдаал
Кыргызстанда бир дагы митинг социалдык көйгөйдү көздөбөйт

“Кооптуу аймакта жашап жатабыз,Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эскертти, алдын алуу иш чарасын көргүлө, көчүргүлө”- деген жүйөө менен акция өткөрүп, коңгуроо каккан тургундар  болгон эмес- деп белгилешет адистер. Акциялардын баары саясий маанайда болуп, кимдир бирөөнүн жеке кызыкчылыгын коргоо үчүн гана куру кыйкырык сүрөөн менен коштолуп келет. Ошондой эле аймактарда бийликке келгендердин дээрлик көбү, өзүн пиярлоо менен алектенип, мечит, айлдын башталышына арка куруу менен чектелишет.  Эмне  үчүн дамба куруп, кооптуу делген жерлерге бак- дарак олтургузууга умтулушпайт? 

 Жыл башталгандан бери Кыргызстанда 106дан ашык  көчкү катталган.  Андан тышкары  бир катар   дарыяларда суунун көлөмү  нормадан ашып, калктуу  конуштарды   кооптуу  жагдайга  дуушар кылууда, бул туурасында  Өзгөчө   кырдаалдар  министрлигинин маалыматында белгиленет. Минтип кооптуу жайгдайда жашап жатабыз деп,  көчүрүп кетүүнү, же алдын алуу иштерин жүргузүүнү талап кылган акцияларды өткөргөн тургундар деле байкалбайт. Эмнеге биз социалдык акцияларга караганда, саясий акцияларга же жеке бир адамдын кызыкчылыгын коргогон митингдерге активдүү катышабыз. Эмне үчүн  табигий кырсыктар болуп кетүүсү мүмкүн болгон жерде жашап жатканыбызды коомчулукка жар салып, жардам сурабайбыз. Кала берсе ири шаарларда коомдук транспортко түшүүнүн өзү коркунучтуу болуп бараткан айтып, кепилдигибизи камсыз кылган коомдук транспортту талап кылбайбыз.

Белгиле кетсек Кыргызстанда  эгемендүүлүк алгандан бери 500гө жакын ар кандай табигий кырсыктар катталса, 2017- жылдын башынан бери эле 106дан ашуун көчкү жүргөн, учурда дагы жер- жерлерде дарыядагы суулардын көтөрүлүү коркунучу белгиленип жатат. Буга байланыштуу атайын жыйын өткөргөн өкмөт башчы Сооронбай  Жээнбеков өкмөттүн ыйгарым укук өкүлдөрү  тиешелүү кызматтарды күтүп  олтура бербей, жергиликтүү жашоочулар  менен биргеликте  жаратылыш кырсыктарын алдын алуу жумуштарын жүргүзүүсү калет экенин белгилеген.

Назира Молдокулова, "Биринчи радио"