Жаңылыктар
Бишкекте жаштардын бизнес-долбоорлорунун бет ачары өтүп жатат
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте жаштардын бизнес-долбоорлорунун бет ачары өтүп жатат

Иш-чарага Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынан 90го жакын активдүү жаштар катышууда. Жер-жерде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары тандалып алынып, тренинг өткөрүлгөн. Анда 10 күн бою келечекте бизнес тармагын тандагысы келген жаштарга өзүн тааныштыруу, акча каражатын туура пайдалануу, эл менен тил табыша билүү сыяктуу ишкерчилик кылганга керектүү болгон сабактар өтүлгөн. 

Тренингдин жыйынтыгында өзүн лидер катары көргөзө алган, шыгы бар жаштар тандалып алынган. Бишкекте өтүп жаткан жолугушууда алардын мыктыларын тажрыйбалуу экономисттер менен серепчилер аныктап, гранттык каражат менен каржылайт.