Жаңылыктар
Кыргызстан-Тажикстан чек арасында күчү 6-7 балл жер титирөө катталды
Кырсык
Кыргызстан-Тажикстан чек арасында күчү 6-7 балл жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында бүгүн күчү 6-7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди. 

Жер титирөөнүн очогу Алай районунун Карамык айылынан күн-батыш тарапты көздөй 30-40 чакырым алыстыкта орун алып, очогунда силкинүүнүн күчү 7 баллга жеткен. Карамык жана Шибеге айылында 5 балдык силкинүү байкалган. 

Ал эми Тажикстандын Исфара шаарында жана Кыргызстандын Ош, Баткенде облустарында силкинүүнүн күчү 3-4 балл болгон. Бишкекте 2-3 баллдык силкинүү сезилди. Кыйроолор, адам өмүрүнө зыян келгени боюнча маалыматтар жок.