Жаңылыктар
Аюу айылындагы дарыгерлер күнү-түнү эл кызматында
Ден соолук
 Аюу айылындагы дарыгерлер күнү-түнү эл кызматында

Көчкүнүн кесепетинен жакындарынан айрылып стресске кабылган жарандардын ден-соолугун калыбына келтирүүгө көп убакыт керектелет. Ошондуктан окуя болгон мезгилден тартып иштеп жаткан медициналык пунк жеринде өз ишин уланта берет. 

Кардиолог, невропотолог, психолог жана педиатр адистиктеги дарыгерлер күнү-түнү кызматта турат. Азыркы тапта Өзгөн райондук аймактык ооруканасында 7 жаран дарыланууда. Булардын баарынын ден-соолугу канааттандыраарлык экенин дарыгерлер айтышууда. Айрымдары бүгүн үйлөрүнө чыгарылат.

"Балдардын абалы жакшы, кээде гана тамагы ооруган жаш балдар болуп калып атат. Бизде биринчи жардамга керектелүүчү дары-дармектин баары жетиштүү",- деп билдирди педиатр-дарыгер Фархад Пазылжанов.