Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппараты жана жети райондогу мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк эмгек маянасын Аюу айылындагы кырсыктан жабыр тарткандарга которуу чечимин кабыл алды. Бүгүн социалдык фонду 750 миң сом которду. Мындан сырткары кырсыктан жабыр тарткандарга ар тараптан гуманитардык жардамдар келип жатат.
Жер көчкүдөн жабыр тарткандарга ар тараптан гуманитардык жардамдар берилүүдө. Келген жардамдарды кабыл алып, аны даректүү бөлүштүрүүдө жергиликтүу тургундардан түзүлгөн комиссия иштеп жатат. Курамдын жетекчиси Абдирахим Мусурманкуловдун айтымында, гуманитардык жардамдар кырсыктын жабыр тарткан жалпы 11 үй-бүлөгө бөлүштүрүлүп берилүүдө.
Гуманитардык жардамдарды алгандардын катарында Ибрахим Разабаевдин да үй-бүлөсү бар. Разабаевдин уулу Дилшат кырсык болгон учурда качып чыгууга үлгүрбөй, көчкү астында калды. Аман калган үй-бүлөдөгү алты кишинин үстүндөгү кийиминен башка эч нерсеси калган эмес.
Оор жоготууга кабылып, психикалык жактан да жабыркап турган жарандардын ден-соолугун калыбына келтирүүгө убакыт керектелет. Мындан улам, окуя болгон мезгилден тартып иштеп жаткан дарыгерлер тобу, өз ишин уланта берет. Кардиолог, невропотолог, психолог жана педиатр адистиктеги дарыгерлер күнү-түнү кызмат өтөөдө.
Жашоо уланууда. Буга чейин керектен чыккан обьектер акырындап калыбына келтирилип жатат. Эки айдын ичинде Зергер айыл аймагындагы кооптуу участкалардан 200дөй үй-бүлө коопсуз жактарга көчүрүлүп , убактылуу тигилген 87 чатырда жашап жатат. Азыркы тапта, жалпы Зергер айыл аймагында 500 гө жакын үй-бүлө жер тилкесине муктаждардын тизмесинде турат.
Акыркы эки айдын ичинде эле, Ош облусунун аймагында 20дан ашуун жер көчкү катталды. Мониторинг департаментинин билдирүүсүндө, жалпы Ош облусунун аймагында жер көчүү коркунучунда турган 359 аймак бар.