Жаңылыктар
Майлуу-Суу: жер көчкүнүн кесепетинен унаа каттамы үзгүлтүккө учурады
Өзгөчө кырдаал
Майлуу-Суу: жер көчкүнүн кесепетинен унаа каттамы үзгүлтүккө учурады

Жер көчкүнүн кесепетинен унаа каттамы үзгүлтүккө учураган Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ айыл аймагынын эли түйшүктүү күндөрдү баштан кечирип жатат.

Анткени 28-апрель күнү Кара-Жыгач айылында жер көчкү жүрүп, бир катар турак үйлөрдү жана жолду бууп калган болчу. Табият кырсыгынан жабыркаган аймакта премьер-министр Сооронбай Жээнбеков болуп, абал менен жеринде таанышты.

28-апрель күнү Түштүк Кара-Жыгач айылындагы түшкөн 7 миллион мерт куб жер көчкү Майлуу-Суу дарыясын бөгөп калган.Мындан улам сай жээгине жакын жайгашкан 23 турак үйгө кооптуу абал жаралган.Ошол эле күнү жергиликтүү бийлик менен тийиштүү кызматтарүй ээлери коопсуз жайга көчүрүшкөн.

Көчкүдөн 1 чакырымдай унаа жолу да жараксыз абалга келип,натыйжада Көпүрө-Башы,Көгөй айылдарына баруучу унаа каттамы толук токтогон.Учурда айыл эли тоо боруна салынган жол менен жөө катташууда. Бул өзгөчө улгайган кишилер үчүн кыйын болуп жатканын айтышат.

Жер көчкүдөн жабыркаган Сары-Бээ айылынын эли менен премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жолукту.Өкмөт башчы тийешелүү мекемелерге кооптуу аймакта жашаган жергиликтүү тургундарды көчүрүү үчүн жер тилкесин трансформациялоо маселесин кароону жана жерге муктаж адамдардын тизмесин түзүүнү тапшырды. Эл менен болгон жолугушууда Өкмөт башчы мамлекеттик органдар табигый кырсыктын кесепеттерин алдын алуу жана ыкчам жоюу боюнча бардык зарыл чараларды кабыл алып жатканын кошумчалады.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине бир жума ичинде көчкүдөн жабыркаган жолдун тилкесин реконструкциялоого кетүүчү чыгымдардын сметасын түзүүнү тапшырды.

Жыл башынан бери Майлуу-Суу шаарында 13 жер көчкү кырсыгы катталып,кооптуу абалга туш болгон 100 үй көчүрүлгөн.Азыркы тапта тийиштүү адистер алдын алуу үчүн көчкү жүрүү коркунучу бар аймактарда изилдөө иштерин жүргүзүшүүдө.