Жаңылыктар
Алдын-ала дарылануу, дартты эрте аныктоо - саламаттык сактоонун негизи
Ден соолук
Алдын-ала дарылануу, дартты эрте аныктоо - саламаттык сактоонун негизи

Жаңы технологиянын жардамы менен дартты аныктоо, жарандарды ден соолугуна олуттуу мамиле кылууга тарбиялоо. Мындай ойлор Өлкөнү 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын алкагында саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүгө арналган жыйында айтылды. Мында айтылган сунуштар жана жоболор Саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүүнүн жаңы үлгүсүнө камтылышы керек.

Саламаттык сактоо тармагынын алдыңкы адистери, эксперттер, медициналык окуу жайлардын жетекчилери, дары-дармек компанияларынын, медициналык лабораториялардын өкүлдөрү мындай курамда чогулуп алгачкы жолу кеңири жыйын курууда. Анткени маселе олуттуу 2040-жылга чейин саламаттыкты сактоо тармагын өнүктүрүү боюнча жаңы көз караштарды калыптандыруу керек.

Биринчи кезекте азыркы ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, тармактык стратегияны бирдиктүү комплекске камтуу зарыл болуп турат. Себеби адамдын ден соолугу жеке саламаттыкты сактоого эмес билим берүү, айыл чарбанын абалына жана жалпы эле экономиканын өнүгүшүнө байланыштуу-дейт милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчиси Марат Калиев.

Алдын-ала дарылануу, ар кандай дартты эрте аныктоо бул-саламаттык сактоо тутумунун негизи-дейт Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору. Болочок дарыгерлерге билим берүүдө өзгөчө заманбап технологияны колдонууга үйрөтүү да башкы милдеттерден.

Жарандардын ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылууга тарбиялоо келечектеги программанын маанилүү бөлүгүнүн бири. Себеби Кыргызстанда жүрөк кан тамыр ооруларынан жана инсульттан каза болгондордун саны көбөйүп жатат. Бул дарттар адамдын жашоо мүнөзүнө жана тамактануусуна түздөн-түз байланыштуу-дейт министр. Бул медицина коомчулугу көтөргөн демилгелер, сунуш-пикирлер саламаттык сактоо тармагын түптөөгө багытталган алгачкы кадамдар гана. Талкуулар эртең да уланат.