Жаңылыктар
Улуу Жеңишти алып келгендердерге таазим!
Кыргызстан жаңылыктары
Улуу Жеңишти алып келгендердерге таазим!

Саналуу күндөрдөн кийин Улуу Жеңштин 72 жылдык салтанатын белгилейбиз. Кан майданды кечип, биздин бүгүнкү бактылуу күндөрүбүз үчүн салгылашкан ардагер аталардан бүгүнкү күндө Кыргызстанда 821 ардагер бар. Алардын Ата-Журттун бүтүндүгү үчүн жасаган эрдиктери кийинки муунга ар дайым сабак болуп келет. Мына ошондой өрнөктүү жолду баскан ардагерлердин бири - Ысык-Көл районунун ардактуу атуулу, Кыргыз милициясынын ардактуу ардагери Жумакадыр Абдыканов.

Жумакадыр ата учурда Караколдогу кичүү уулунун колунда. Согушка 1941-жылы Токмок шаарында окуп жүргөн кезинде кеткен. Андан Москвадагы Александр Невский дивизиясына бөлүнүп, 86-аткычтар полкунда чалгынчы болгон.. Согуш учурунда курский дуга салгылашында катуу жарадар болуп 1944-жылы Литвада кызматын уланткан.

Жумакадыр ата согуштан 1946-жылы келип өз мекенинде милиция кызматын отуз жыл аркалаган. Кенже сержанттан майор даражасына чейин көтөрүлүп, Ысык-Көл, Ак-Суу жана Түп райондук ички иштер бөлүмдөрүн жетектеген. Азыр кичүү уулу Таалай ата кесибин улантып жатат.

Жумакадыр ата пенсияга чыккандан кийин ыр жазып, согуш жылдарын эскерген китеби да чыккан. Согуштан алган жарааттары кийин карыянын күчүн кетирип, мындан сегиз жыл мурун эки көзү көрбөй калган. Ал эми согуштан калган бут сөөктөрүндөгү жардыгычтын майда темирлери алынбай калгандыктан, ушул күнгө чейин зыркырап ооруп турат. Бирок ага карабай карыя небере, чөбөрүсүнүн маңдайында улуу жеңиштин жетимиш эки жылдыгын майрамдаганы турат.
Азыркы тапта жалпы Ысык-Көл облусу боюнча Улуу Ата-Мекендик согуштун элүү сегиз ветераны жеңиштин жетимиш эки жылдыгын белгилегени турат.