Жаңылыктар
Кыргызстанда Казак Республикасынын элчилиги уюштурган иш-чара өткөрүлдү
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда Казак Республикасынын  элчилиги уюштурган иш-чара өткөрүлдү

Кыргызстанда Казак Республикасынын  элчилиги уюштурган иш-чара өткөрүлдү. Бул жыйынга  көрүнүктүү казак-кыргыз эксперттери катышты. Жыйында  Евразиялык биримдикке кирген өлкөлөрдүн  экономикалык, социалдык көйгөйлөрү жана терроризмге каршы күрөшүү маселеси талкууланды. Конференциянын катышуучуларына Кыргызстандагы Казакстан Республикасынын   Толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Айымдос   Бозжигитов   кайрылды.

Кыргызстандагы Казакстан Республикасынын элчилиги эл аралык жана Евразиялык Биримдикте Казакстан кандай багытта иш алып барып жатканын  айтып берди.

Конференцияга катышкан Кыргыз Республикасынын  толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Эрик Асаналиев    Кыргызстан айыл чарбасын өнүктүрүү жана айыл өндүрүлгөн товарларды Евразиялык биримдиктин рыногуна чыгаруу үчүн Россия, Казакстан, Белоруссиянын тажрыйбасын пайдаланышы керектигин айтат.    

Казакстандын улуттук илимий иззилдөө  институтунун эксперти Леся Каратаева терроризмге каршы күрөшүүдө, анын  маалыматтык согушуна  каршы туруу керек дейт. Бул жолдун алдынкы ыкмалары тууралуу төмөнкүчө айтып берди :

Бүгүнкү күндө террордук уюмдар маалыматтык согуштун ыкмаларын  мыкты  өздөштүргөнү байкалууда. Мисалы, эң  биринчилерден болуп  тыюу салынган “Аль-Каида” аттуу террордук топ илгерки Кытайдын адамдын денесин миң бөлүккө кескилеп өлтүрүү –деп аталган  ыкманы  колдонуп жатканын көрүп жатабыз. Анткени жогоруда сөз болгон   террордук уюм жашыруун лагерлерди түзүп, ал жерде согушкерлерди даярдоонун ордуна, социалдык тармактарда өзүнүн пропагандасын жайылтып   баштаган. Ушул себептен улам бул террордук топ акырындык менен    жактоочуларын көбөйттү. Булар социалдык тармактардан террордук актыларды кандай жүргүзүүнү үйрөнгөн деп айтсак болот. Ал эми тыюу салынган “Ислам мамлекети “аттуу  террордук уюму Ирак менен Сирияда айрым аймактарды басып алып, идеологиясында жаңы стратегияны иштеп чыкты. Алардын тактикасын чаң соргуч катары сыпаттасак болот. 

Адегенде ДАИШ социалдык түйүндөр аркылуу дүйнө жүзүндөгү  диний радикалдарды Ирак менен Сириядагы   басып алган чөлкөмгө көчүп келүүгө чакырык таштады. Азыркы күндө тыюу салынган “Ислам мамлекети “аттуу террордук топ пропагандасынын багытын өзгөрттү десек болот.  Алар Борбордук Азиядагы мамлекеттердин социалдык көйгөйлөрүнө өзгөчө көңул буруп,  курал катары пайдаланып жаткан учуру.     Белгилей кетсек, ДАИШ социалдык баракчаларда сөз     жүзүндө  адамдын баалуулуктарын жогору коебуз деп жар саалат.                       Мисалы, алар баңгичилик жана аракечтикке каршы деген пикирди айтканы менен иш-жүзүндө максаты таптакыр башка. Террорчулар интернет айдыңында өздөрүнүн уюштуруу иш-чараларын башкача өңүттө жүргүзгөнү, күч түзүмдөрүнө тоскоолдук жаратууда. Мындан сырткары булар социалдык тармактарда мышыктын сүрөтүн жайгаштырганы, келечекте бейкут   турмуш курабыз деген  убадасын  берип жатканы  тынчсыздандырат. Ошол эле убакта социалдык түйүндөрдө кичинекей балдардын  сүрөтүн койгону да кооптуу. Баары бир булар халифатты негиздеп жатабыз деп   Борбордук Азиядагы тарапкерлерин үгүттөгөнү коркунучтуу. Ошондуктан Кыргызстан менен Казакстан террорчул уюмдардын маалыматтык согушуна биргелешип күрөш жүргүзүшү зарыл.-дейт казакстандык эксперт Леся Каратаева.

Азыркы күндө Россия менен Казакстанга   кеткен айрым  эмгек мигранттарыбыз, турмуштун айынан ал жердеги базарлардан    террорчул топтордун пропагандасына ишенип, булардын   катарына   кошулууда. Ошол эле учурда Белоруссияда базардын кызматын    дүкөндөр аткаргандыктан, аларда диний негиздеги терроризм коркунучу аз экенин  дипломат Эрик Асаналиев  төмөнкү пикирди айтты.


Сиздер уккан   “Кыргызстандын дипломаттары”  коомунун төрагасы Эрик Асаналиевдин айтканы болду.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз  Батилов, тааныштырган Тутан Мелисов.