Жаңылыктар
Чоң- Алайда жер титирөөдөн кулаган таш 110 койду басып калды
Кырсык
Чоң- Алайда жер титирөөдөн кулаган таш 110 койду басып калды

Кечээ, 3-майдагы жер титирөөдөн Чоң- Алайдын Кара-Мык айылында таш кулап, 1 адамдын жайытта жүргөн 110 койун басып калган. Жеринде 110 койдон 15 кой гана адалданган.

Ошондой эле, 3- май күнү саат 10:47де Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айыл аймагында катталган жер титирөөнүн кесепетинен Карамык айылында 24 турак үй, 1 ФАП жана почтанын имараты, Шиве айылында 9 үй, Жекенди айылында 15 үй 1 мектеп жана 1 ФАП, Чулук айылында 1 мектеп, Кара-Тейит айылында 17 үй авариялык абалда экендиги Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан аныкталды.