Жаңылыктар
Чоң-Алай: жабыркаган турак үйлөрү үчүн эки жаран кенемте алышты
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай: жабыркаган турак үйлөрү үчүн эки жаран кенемте алышты

Чоң-Алай районунун эки тургуну табият кырсыгынан жабыркаган турак үйлөрү үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынан кенемте алышты.

Анткени, Дароот-Коргон айылында катуу шамал болуп, бул үйлөрдүн чатырларын учуруп кеткен. Камсыздандыруу компаниясы изилдеп көрүп, үйү жабыркаган бир тургунга 40 миң сом, экинчисине 18 миң сом төлөп берди. 

Акыркы учурда Ош облусу боюнча табият кырсыгынан жабыркагандардын арасынан үйүн камсыздандырып үлгүргөн 6 жаранга кенемте төлөнүп берилген.