Жаңылыктар
Кыргызстанда бир суткада төрт ирээт жер силкинди
Кырсык
Кыргызстанда бир суткада төрт ирээт жер силкинди

Бейшемби 4-майга караган түнү саат 2лер чамасында Ош облусунун Чоң-Алай районунда кайрадан жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМден билдирди. 


Силкинүүнүн очогу Тажикстанда катталып, күчү 5,5 баллга жеткен. Бул Кыргызстандын аймагында сутка ичинде болгон төртүнчү жер титирөө. 3-май күнү жер түшкө чейин эки, түштөн кийин бир жолу силкинип, мал сарайлар кулап, айрым үйлөр менен социалдык объектилердин дубалдары жарылган. 


Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун буйругу менен Ош шаарында жайгашкан бирдиктүү кампадан 5 орундуу 100 чатыр КамАЗга жүктөлүп, 19 куткаруучу жер титирөө катталган аймакка жөнөтүлдү.