Жаңылыктар
Ирандын түндүгүндө көмүр шахтасы жарылды
Дүйнө
Ирандын түндүгүндө көмүр шахтасы жарылды

3-май күнү Ирандын түндүгүндө жайгашкан көмүр шахтасында жарылуу болуп, бери дегенде 35 адам набыт болгондугун irna.ir маалымат агенттиги билдирди.

Гүлистан аймагындагы Земистанюрт шаарына жакын жердеги кен чыккан шахтада метан газы топтолуп, жарылуу болгон. Акыркы кабарларга ылайык, 80 жумушчу 1800 метр тереңдиктеги кенден чыга албай турат. Андан башка дагы 69 киши ооруканага түшкөн. Издөө-тазалоо иштери уланууда. 

Бирок, куткаруучулар түрдүү кыйынчылыктардан улам, 800 метр тереңдиктен ылдый бара албай жатышканы жазылууда.