Жаңылыктар
Садыр Жапаров 28-майга чейин камакта калды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров 28-майга чейин камакта калды

Бишкек шаардык соту экс-депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Эскерте кетсек, 25-мартта Садыр Жапаров Казакстандан Кыргызстанга киргенде аны чек арадан УКМКнын кызматкерлери кармап кеткен. 

Жапаров "бейбаштык", "бийлик өкүлүнө карата зордук-зомбулук көрсөтүү", "барымтага алуу" жана башка беренелер боюнча айыпталууда. 26-мартта Садыр Жапаров Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө бүткүчө Бишкектеги №1 тергөө абагына камалган. 

24-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Жапаровду камакта кармоонун мөөнөтүн 28-майга чейин узарткан.