Жаңылыктар
Н.Шакиев: “Мындан ары Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун саясатына кошулбайм”
Саясат
Н.Шакиев: “Мындан ары Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун саясатына кошулбайм”

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн Азия Ньюс Төрөбаев алдыдагы эл толкунун эскертти деген теманын алдында жарык көрдү. Лидердин мындай коңгуроосу “Президенттик шайлоодо мыйзам бузулса, элдин толкунун баса албай калабыз деген аталыштагы маегинде айтылат. Саясаттан баштаган алгачкы бетине Президенттик шайлоонун 15-октябрга жылышы мүмкүн экенин КСДП фракциясынын лидери Иса Өмуркулов билдиргенден кийин ого бетер саясий майдан копшолуп алды. Өзгөчө аламанга аттанчулар аяк-быягын карашып, үгүт иштерин жанданттууга өтүштү дегенди “Соңку убактагы Сокенин активдүүлүгү бийлик талапкери болушун шарттайбы?” деп аталган маалыматка жазды. 

Бул санга экс-министр Нурланбек Шакиев “Мындан ары Келдибеков, Ташиев, Мадумаровдун саясатына кошулбайм” деп маек курду. Бул маектен айрым санаалаштары  алдыдагы  саясий тагдырлары багытында баарлашкан. Чакан макалалар Конгантиевдин баамында, генерал Суваналиев эң татыктуу министр, Текебаев сынган жок, бирок курчтугу жагынан “баягы” Куловго жетпей аткандай, Эгер Атамбаев талапкерлерден Темир Сариевге токтосо, мамлекет утабы?  деген аталышта орун алган.  Дүйнө апаатындагы маселеге бүгүн Азия Ньюс “Кыргызстанда терроризм, экстремизм коркунучу күндөн-күнгө күчөп баратат” деген аталышта кайрылды.

Эстутум рубрикасы: алгачкы махабаты, өмүрлүк жары, бардык тармактагы кеңешчиси, жан жолдошу болчу деп  жеке ишкер  Аскар Салымбековдун жакында көз жумган жубайы Гүлмира Мамбеталиева  туурасында социалдык тармактагы баракчасына эскергенин  “Бир баскан жолубуз түбөлүк эсте калды” деген аталышта орун берди.

Эми Политклиниканы карайлы.

 Бүгүнкү санын  “Жүрөктүн үшүн алган жер көчкү. Бул кырсыктан кантип сактанууга болот?” деген теманын алдында чыгарды. Кырсыкка байланыштуу кеңири маалымат гезиттин 3- бетинде орун алды. Майда жазылган маалыматтар: Россия Кыргызстандын карызын кечти, Меркел менен Путин жолугушту. Кытай элчилигиндеги жардыруу боюнча сот жылды. “Москвада кыргызстандыктардын сөөгү таштандыдан табылды” деген маалымат иликтенүүдө, ЖК жерди күрөөгө коюп, насыя алуу маселесин талкуулады деген аталышта тизилди. 

Сандан- санга уланып жаткан коомдук ишмер Эмилбек Каптагаевдин Референдум сабактары же өлкөнү “жиндичиликтен” коргоо зарылдыгы жөнүндө макаласы бул санда орун алды. Ата-эне бардык бала үчүн ыйык. Чын эле адамдын адам болуп калыптанышында  ата- эненин мээнети зор экенин эч ким талашпайт деп белгилеп, бүгүн гезит ЖКтин мурдагы депутаты Феликс Куловдун ата энесинин эл билбеген жактарын айтып бергенин  Феликс Куловдун атасы журналист, апасы актриса болгон деген макалада тааныштырды. 

Канча деген суроону койгон "Политклиника" бүгүн дагы бир экс депутат Турсунбай Бакир уулунун канча үйү канча кайын энеси бар экенин тактап көрдү. Башка дагы мүлктөрүн сураганга жетишкен. Кызык болсо карап өтүңүз. Андан ары издер кайра жаңырат деп гезит   бүгүн кыска убакытта премьер министр болуп иштеп кеткен Жумабек Ибраимов туурасындагы эскерүүгө орун берди. Кыска убакыт, болгону беш айдай өкмөт башчы болуп иштегени менен, ошол аралыкта реформа кылууга бел байлап, мамлекеттин биринчи адамдары таза, чынчыл, деңгээли бийик болушу керектигин, эл үчүн ичкен ашын жерге койгон  адам болушу зарылдыгын  өзүнүн мисалында үлгү кылып көрсөтүп кетти деп жубайы Шайыр Сагынбаева менен жолдошунун жашоодогу, жумуштагы принциптери тууралуу эскергенин Элим үчүн башым тартуу болсо эч нерсе болбойт дечү деген аталышта сунуштады.

 Таалайгүл Сыдыкбекова, Биринчи радио