Жаңылыктар
Күйүүчү майлар 2 сомго кымбатташы мүмкүн
Экономика
Күйүүчү майлар 2 сомго кымбатташы мүмкүн

Кыргызстанда күйүүчү майлоочу майларга баа 1,5 – 2 сомго  жогорулашы мүмкүн. Буга Орусияда отунга акциздик салыктын жогорулоо мүмкүндүгү  себеп болот.   Мындай божомолду  экономика министрлиги  берүүдө. Бирок, нефтетрейдерлер ассоциациясы баалардын өсүшү тууралуу божомолду айтуудан карманууда. Ошол эле учурда жазгы талаа жумуштарына майлоочу майлар жетиштүү экендигин эске салышат.

Ал арада  кара алтындын  дүйнөлүк баасы орто эсеп менен 4 пайызга төмөндөдү.

Кыргызстан январь айында күйүүчү-майлоочу майлардын баасы төмөн делген 20 мамлекеттин катарына кошулду. Дүйнө өлкөлөрүнүн  рейтинги жарыяланган Глобал Петрол Прайсес сайтында, республика 181-өлкөнүн  ичинен 18-орунга чыккандыгы белгиленген. Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, апрель айында күйүүчү-майлоочу майлардын  баасы 1.5-2 сомго чейин жогорулашы мүмкүн. Аталган мекеменин башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиевдин “Биринчи радиого” билдиришинче, Орусияда  отунга   акциздин  көбөйүшү күтүлүп жатат. Ал өз кезегинде Кыргызстандагы күйүүчү майларга таасирин тийгизет.

23-февраль күнү кечинде  “кара алтындын” дүйнөлүк баасы  орточо эсеп менен  4 пайызга  түштү.  Буга  чейин  нефти магнаттары аталган Орусия, Сауд Арабия, Катар, Венесуэла мамлекеттери  мунай өндүрүүнү  январь айындагы деңгээлде кармоо боюнча макулдашышты.   Бирок, Биэмай Ресерч мунай тармагы боюнча серепчи  Кристофер Хэйнсдин айтуусунда,   мунайды экспортточу өлкөлөр  уюму кара отунду өндүрүүнү  кыскартууга даяр эмес.

Биз рыноктон баррелди чыгарбагандыктан мунайды өндүүнү токтотуу  рынокко тез таасирин тийгизбейт. Аны  өндүрүү  жогорку деңгээлдеги бойдон  кармалат. Анан калса мунайды экспорттоочу өлкөлөрдү, буга мүчө болуп кирбеген  башка мамлекеттерди  макулдашууга  кошулууга ынандыруу мүмкүн эмес.

 “Кара алтынга” дүйнөлүк баа  орто эсеп менен 4 пайызга түштү. Рейтерс маалымат агенттиги маалымдагандай,  Сауд Арабиясынын  нефти министри өлкө мунайды өндүрүүнүн  көлөмүн  төмөндөтүүнү азырынча  пландаштырган жок.  Мындай билдирүүдөн кийин, Brentке болгон  баа  4 пайызга төмөндөдү.