Жаңылыктар
Журналист Султан Жумагуловдун жаңы китеби жарык көрдү
Билим
Журналист Султан Жумагуловдун жаңы китеби жарык көрдү

Белгилүү журналист жана сатирик жазуучу Султан Жумагуловдун “Кыргызча жашоо бормулалары” аталыштагы китеби жарык көрдү. Китеп эки бөлүктөн туруп, автордун өткөн кылымдын соңку жылдарынан берки чыгармалары кирди. Совет доору урай баштаган жана эгемен мамлекет болгон учурдагы, эски менен жаңы доор тогошкон мезгилдеги кыргыз турмушу чагылдырылган. Жаңы кылымга чейинки жазылган аңгемелеринен шаар турмушуна аралашып, жаңыдан үй ала баштаган кыргыздардын ар кыл тагдырларын окуса болот. Бир катар сатиралык чыгармалары - советтик бюрократияны жана кыргыз турмушундагы өксүк каада-салттарды ашкерелейт.

“Китептин экинчи бөлүгүндө публицистикалык макалалар бар. Анда негизинен кыргыздын жашоо образы, ой- жүгүртүүсү, үрп-адаттарынын көбү өсүп-өнүгүүгө кедергисин тийгизип жатканы тууралуу сөз болот”,- деп билдирди журналист, жазуучу Султан Жумагулов.