Жаңылыктар
7-май - Радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы
Кыргызстан жаңылыктары
7-май - Радио жана байланыш кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Майрамды утурлап "Кыргызтелеком" ишканасы алдыңкы кызматкерлерин сыйлады. КАН: Ишкананын жетекчилиги байланыш тармагын жакшыртууга аракеттер көрүлүп жатканын, өлкөнүн бардык аймактары интернет менен камсыз кылынаарын билдирүүдө. “Кыргызтелекомдун” музейинен түрдүү экспонаттарды көрүүгө болот. Мындай каражаттар байланыш үчүн кызмат кылганын дароо түшүнүү мүмкүн эмес. Убакыттын өтүшү менен коммуникация жаңыланып, заманбап жабдуулар жашоону жеңилдетти.
Радио жана байланыш кызматкерлеринин күнүн утурлап, мекеменин алдыңкы кызматкерлери сыйланды. Байланыш тармагындагы кесибин сүйүп эмгек өтөгөндөрдүн катарында Аскар Молдогазиев да бар. Ал 20 жылдык тажрыйбанын ээси.
Аскар Молдогазиев сыяктуу 4 миңдей кызматкер иштеген мекеме азыр оор абалда турат. 
Анын башкармалыгына карата арбын сындар айтылып келген. Бир кезде бул акционердик коомду кудуретсиз деп жарыялоо демилгеси да көтөрүлүп, жеке колго өткөрүү сунуштары берилген. Бирок, ишкананын мындай абалга кептелгенин анын ири долбоорлордон атайылап четтетилгени менен байланыштыргандар да бар. 

Кыргызстандын географиялык абалы интернетти эле эмес, байланыштын башка каражаттарын пайдаланууда да оорчулук жаратат. Ага карабай тоолуу өлкөнүн адистери алыскы аймактарды байланышсыз калтырбай, улам жаңы жаңылык киргизгенге аракет көрүп келет.