Жаңылыктар
Ош шаары: көчөттөр үзүлүп, гүлдөр тепселенүүдө
Кыргызстан жаңылыктары
Ош шаары: көчөттөр үзүлүп, гүлдөр тепселенүүдө

Ош шаарында быйыл бир жарым миллион түп гүл отургузулуп, 35 миңге жакын түрдүү жашыл дарактар тигилет. Жыл сайын шаар ичинде эс алуу бактары да көбөйүп, калаа көркүнө чыгууда. А бирок бул аракеттердин баркын билбегендер да жок эмес. 

Лайтбокстар талкаланган, көчөттөр үзүлүп, гүлдөр тепселенген. Бул Ош шаарындагы Жеңиш паркындагы көрүнүш. Жашылдандыруу ишканасындагылардын айласы кетип турат. Анткени бул биринчи эле жолу болуп жаткан жок.
Калаада өскөн гүлдөр кимге керек деген суроого жашылдандыруучулардын жообу ар кандай. Бирөөлөр уурдап барып сатып пайдасын көрсө, башкалары жөн гана белек үчүн деле көчөдөгү гүлдү карапасы менен көтөрүп кетет экен. 

Арасында үйүнө алып барып кооздук үчүн коюп алгандары да бар дешет. Бул арада Ош облустук ички иштер башкармалыгы - бул үчүн жаза колдонулаарын билдирет. Күнөлүүлөр кылмыш жаза кодекси боюнча 5 жылга чейин эркинен ажыратылаарын эскертет.