Жаңылыктар
Жыл башынан бери 134 көчкү жүрдү
Кырсык
Жыл башынан бери 134 көчкү жүрдү

Кыргызстанда быйыл жер кыртышы козголуп, жер көчкү жүргөн учурлар көп катталып жатат. Жер-суунун абалына байкоо салган адис илимпоздор "Жаратылыш кырсыктары кышында кардын мол түшкөнүнөн жана жаздан бери тыным албай жааган жаан-чачындан улам келип чыгууда" - деген корутунду чыгарууда. 

Жер көчкүнүн өрчүү себептери көп. Эң негизгилери: мөңгүлөр ээрип, жамгыр көп жаагандан улам ашыкча суу тоо тектерине сиңип, жер кыртышынын массасын оорлотот. Мындан улам, өзгөчө кум-шагылы сейрек болгон чополуу жер кыртышта нымдуулук көбөйүп, баткактуу массанын төмөн карай агып кетүү коркунучу жаралат. Дагы бир табигый кырсыкты жаратчу жагдай жер титирөө. Зилзалла жердин катмарынын жылышына себепкер болот. Кыргызстан тоолуу өлкө, республиканын 95 пайызы тоого чулганган.
Тоолордо геологиялык процесстин жүрүшү жер титирөөгө алып келип, тоо тектерде ажырым пайда болот. 2016-жылда 13 миңден ашык сейсмикалык кыймыл катталган. Табигый кубулуштардын жанданышы кырсыктын келип чыгышына түркү берген.

Кооптуу аймактар аныкталып, көчүү тууралуу эскертүү берилгени менен калк орун которбой койгон жерлер бар. Адистердин айтканына кулак какпай, кырсыкка кептелип кайгылуу окуялар менен аяктаган учурлар келип чыгууда.