Жаңылыктар
Ардагер Р. Сычев фронттон жаракат албай кайткан
Кыргызстан жаңылыктары
Ардагер Р. Сычев фронттон жаракат албай кайткан

Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Роман Сычевге бүгүн Кыргызстан элдер ассамблеясынын ардактуу атуулу медалы тапшырылды. Сыйлыкты тапшыруу салтанаты Бишкектеги №4-мектептин имаратында өтүп, билим уясынын администрациясы анда улуу ата мекендик согуштун бир нече катышуучуларын жеңиштин 72 жылдыгы менен куттукташты.

96 жаш. Ага карабастан, шайыр-шамдагай. Ардагер Роман Сычев фронтто денесинен бир да жаракат алган эмес. Ден-соолугунун чың болгону да ошондон. Бүгүн ал мектептеги майрамга келген алтынчы ардагер. Кыргызстан элдер ассамблеясынын ардактуу атуулу медалын баары эле ала бербейт. Сыйлык Роман Сычевге фронттогу эрдиги үчүн гана эмес, башкаларга кынтыксыз үлгү көрсөткөндүгү үчүн тапшырылды. Ал үлгүлүү үй-бүлө башчысы, жубайы менен чогуу жашаганына 67 жыл толду. Жолдошу 90 жашта, бирок баса албайт. Роман Сычев үйдү өзү жыйнап, дүкөнгө барып, аны колуна көтөрүп багат.
Роман аксакал согуш тууралуу айтып бергенди жакшы көрөт. Өзгөчө жаш муундарга. Албетте, мактаныш үчүн эмес, баарына сабак болуш үчүн. Ал 39-жылы Мурманск облусуна армияга кызмат өтөөгө чакырылып, андан ары согушка 52-аткычтар дивизиясына барат. 

Ааламда тынчтык гана болсун - дейт Роман Сычев. Жеңиш күнү мурдагы союздук курамда болгон бардык жашоочулар үчүн чоң майрам. Ар бир мамлекет согуш жылдарында мыкты уул-кыздарынан айрылган. Апааттан тирүү калган баатырлар өткөндү эстеп, эч качан биз көргөн согуш жылдарын башкалар көрбөсүн дешет.