Жаңылыктар
“Улуттук” макамдагы ЖОЖдордун ректорлоруна карата талап күчөтүлөт
Билим
“Улуттук” макамдагы ЖОЖдордун ректорлоруна карата талап күчөтүлөт

 “Улуттук” макамдагы Жогорку окуу жайларынын ректорлоруна карата талап күчөтүлөт. Билим берүү жана илим министрлигинин сунушу парламенттеги тиешелүү комитетте колдоо тапты. Мыйзам долбоор жалпы жыйында кабыл алынса мындай статустагы окуу жайдын башчысы болуш үчүн илимдин докторлугу жана профессорлук наам сөзсүз талап кылынат.

Өлкөдө “улуттук” макамга ээ 4 жогорку окуу жайы бар. Алар Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясы жана Т.Садыковдын атын алып жүргөн Көркөм сүрөт улуттук академиясы. Билим берүү, илим министрлиги эми аларды жетектей турган адистин доктор окумуштуулук даражасы менен профессордук наамына көңүл бурат.

Илимий чөйрө министрликтин бул сунушун колдоого алууда. Философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев буга чейин даражасы төмөн адистердин ректорлукка дайындалышы менен улуттук макамдагы окуу жайлардын абройна көлөккө түшүп келген айтат. Парламенттин тиешелүү комитетиндеги талкууда айрым эл өкүлдөрү жөн гана илимдин доктору  эмес, ал эл аралык алката таанылганы болушу шарт деген талапты коюшту. Бирок, окумуштуу андай артыкчылыктагы адистер жокко эсе экенин белгилейт.

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети министрлик сунуштаган долбоордун концепциясын жактырды. Бирок, айрым адистерде окуу жайдын жетекчисинин илимий наамына гана эмес, чарбаны тейлөө артыкчылыгына да көңүл буруш керек деген сунуштар бар.

Жогоруда айтылган долбоор парламенттин жалпы жыйынында талкууланса, ректорду шайлоонун эрежелери боюнча да сунуштар айтылаары күтүлүүдө. Анткени окуу жайдын башчысын тандоодогу азыркы ыкмаларга карата эл өкүлдөрүндө суроолор аз эмес.