Жаңылыктар
Баш мыйзамдын кабыл алынганына 24 жыл толду
Кыргызстан жаңылыктары
Баш мыйзамдын кабыл алынганына  24 жыл толду

Бүгүн 5-май - Конституция күнү. Баш мыйзамдын кабыл алынганына быйыл 24 жыл толду. Кыргызстандын Конституциясы 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган. 

Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум былтыр 2016-жылы 11-декабрда өтүп, шайлоочулардын 79 пайыздан ашыгы - Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдогон. 5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.