Жаңылыктар
Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду
Кыргызстан жаңылыктары
Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду

Аюу айылында жер көчкү алдында калгандарды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай чечим көчкү алдында калган жарандардын туугандарынын макулдугу жана аалымдар кеңешинин чыгарган фатвасынын негизинде кабыл алынды. 

Алты күнгө созулган издөө аракеттеринин натыйжасында көчкү алдынан сегиз адамдын сөөгү чыгарылган. Калган 16 киши ошол жерде калтырылды. Эми ал жердин айланасы тосулуп, мазар болмокчу.