Жаңылыктар
Россия Кыргызстандын мурдагы карызын толугу менен кечти
Экономика
Россия Кыргызстандын мурдагы карызын толугу менен кечти

2012-жылдын 20-сентябрында түзүлгөн келишимдин алкагында Россия Кыргызстандын 240 миллион доллар карызын мөөнөтүнөн мурда жокко чыгарды. Кыргызстан менен Россиянын 2012-жылдагы келишиминин негизинде, Аскар Акаев президент болуп турганда берилген жалпы суммасы 500 миллион доллар карыздын 188,9 миллион доллары бир мезгилде кечилген болчу. 

Бакиев президент болуп турган учурда берилген калган 300 миллион доллар 2016-жылдан тартып этабы менен жылына 30 миллион доллардан 2025-жылга чейин төлөнүп берилмек. 

Кыргызстандын Россияга болгон карызы 240 миллион доллар болчу. Орусия өкмөт башчысы Дмитрий Медведевдин буйругу менен Кыргызстандын 240 миллион доллар карызы бир убакта толугу менен кечилди.