Жаңылыктар
Чоң-Алайда дагы жер титирөө катталды
Өзгөчө кырдаал
Чоң-Алайда дагы  жер титирөө катталды

Бүгүн Чоң-Алай районундагы Кара-Мык жана Кара-Тейит айылдарында саат 11ден 11:30га чейинки жарым саат аралыгында кубаттуулугу 7,0; 5,5 жана 4,5 баллга жеткен үч жер титирөө болуп өттү. Мындан улам, 2 күн мурда болуп өткөн жер силкинүүсүнөн улам жарака кеткен үйлөр дагы бир топ жабыркады деген маалымат айтылууда. 

Белгилей кетсек Чоң-Алай өрөөнүндө жер силкинүүсү туруксуз абалда, бирок улам-улам байкалып жаткандыктан аталган районго 3-майдан тартып, өзгөчө кырдаал киргизилген.

Булар туурасында Чоң-Алай райондук администрациясынын орун басары Саадат Туйгунова биздин каналга билдирди. 3-майда катталган жер титирөөнүн кесепетинен Чоң-Алай районунда 66 турак жай авариялык абалда деп табылды. Жарандык коргонуу комиссиясы жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 4 топ түзүлүп, учурда изилдеп-тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен окуя катталган аймакка барып, жергиликтүү тургундардын абалынан кабар алды. Боронов, зилзиладан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан мыйзамдын чегинде жардам болоорун билдирди. Маалымат бере кетсек, 3-май күнү болжол менен саат 14.30да жер титиреген. 

Зилзаланын очогу болуп Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чектешкен аймак катталып, жер титирөөнүн күчү 7 баллга жеткен. Жер силкинүүнүн күчү чек арага жакын жайгашкан Чоң-Алай өрөөнүндө 5-6 баллга жеткени айтылууда.