Жаңылыктар
27-февралдан баштап Сирияга ок атуу токтотулат
Дүйнө
27-февралдан баштап Сирияга ок атуу токтотулат

Орусия  менен  АКШ  27-февралдан   баштап  Сирияга  ок атууну   токтотушат. Өлкөлөрдүн   орток  пикирди  табышы Орусиянын президенти  Владимир Путин менен АКШнын президенти  Барак  Обаманын  телефон аркылуу  сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында  жетишилген.  Путин мындан сырткары,  конфликтке барган тараптарды   жарашуу боюнча  макулдашууда каралган шарттарды   сактоого чакырды.  Дүйшөмбү  күнү  жетишилген  сүйлөшүүлөр  өздөрүн  “Ислам мамлекети” деп санаган террордук  уюм менен “Джебхат ан-Нусра”  өңдүү  Бириккен  Улуттар Уюму  тарабынан  тыюу  салынган  башка  уюмдарга    тиешеси жок.  Ал арада Орусиялык  талдоочулар  жакынкы  мезгилдерде  Сирияда  согуш аяктайт, бирок  мамлекеттин бүтүндүгүнө доо  кетиши мүмкүндүгүн айтышууда.

 Азыркы тапта  Сириянын аскер күчтөрү, Орусиянын  аба-космостук  күчтөрү жана АКШ  башында турган  коалиция  террористтерге  каршы  өз  аракеттерин   жүргүзүшүүдө. Ал эми   Сириядагы жарашуу тууралуу  Орусия менен АКШ президенттери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Сүйлөшүүнүн  жыйынтыгы боюнча  Орусиянын   президенти  Владимир   Путин  билдирүү жасады.

Урматтуу   достор!  Азыр эле  АКШнын   президенти  Барак  Обама менен   сүйлөшүүлөр  жүргүзүлдү.  Сүйлөшүү  боюнча демилгени  Орусия тарап   көтөрдү. Бирок кызыгуулар  эки  тараптуу  болгондугу талашсыз.  Маектешүүнүн  алкагында  эки өлкө Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу бир пикирге келишти.  Макулдашууга   эки өлкөнүн  экспеттеринин   тынымсыз  иш  аракеттери   жол көрсөтүп, буга  Сирияда   химиялык куралдарды жок кылуу боюнча   биргелешкен   мол  тажрыйба  көмөкчү болду   десем жаңылышпайм. Макулдашуу   27-февраль күнү  Дамасктагы убакыт  боюнча  түн жарымында  күчүнө   кирет. Бул болсо  Сириядагы   кооптуу кырдаалды  жөнгө салууга жардам берет   жана   көп  жылдан бери келе жаткан  кан төгүүнү токтотууга шарт түзүлдү.

Ошол эле маалда  АКШнын  лидери   Барак  Обама  жетишилген макулдашууну бардык тараптар  абийирдүүлүк  менен  аткарарына  ишеним артты.  Буга чейин  АКШнын  мамлекеттик катчысы  Джон Керри  жекшемби  күнү  Иорданияда  иш сапарда жүргөн  мезгилинде  жакынкы  убактарда  Сирияда  ок атышуу  токтотулушу  мүмкүндүгүн  айткан эле.

Ал арада   Сирия президенти Башар Асад 13-апрелде парламенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул кандуу кагылыш башталгандан бери экинчи шайлоо болмокчу. Сирияда  2011-жылдын мартынан баштап согуш жүрүп, натыйжада БУУнун маалыматы боюнча 220 миңден ашуун адам каза болгон.