Жаңылыктар
С.Жээнбеков «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты
Кыргызстан жаңылыктары
С.Жээнбеков  «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолундагы оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолундагы ремонт иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Премьер- жолду ремонттоп жаткан ишкана ремонт иштерин 2017-жылдын 20-майында бүткөрүүсү керек экенин айтып, 10 күндөн кийин аткарылган иштерди жана «Бишкек - Кара-Балта» унаа жолун реконструкциялоо боюнча компаниянын даярдыгын жеке өзү текшере турганын эскертти. 

Ошондой эле, реконструкциялоо боюнча иштер 24 саат бою жүргүзүлүп сапаты жогорку стандартка ылайык болушу керек экенин баса белгиледи.