Жаңылыктар
«Шайыр апалар» телефестивалы элет жергесинде өзгөчө колдоого ээ болду
Маданият
«Шайыр апалар» телефестивалы элет жергесинде өзгөчө колдоого ээ болду

Кыргыз телекөрсөтүүсүнүн республикалык деңгээлдеги «Шайыр апалар» сынагы элет жергесинде өзгөчө колдоого ээ болду. Нарын облусунда учурда дээрлик бардык айылдарда бул маданий иш-чараны өткөрүп туруу жакшы салтка айланды. 

Мындай саамалык бир жагынан көңүлдүү эс алууга түрткү болсо, дагы бир жагынан түпкүрдөгү таланттарды талпынтууга кеңири жол ачат. Жумгал районунда өткөн «Шайыр апалар» сынагына катышуучулардын улуттук кийимдери айыл өкмөттөрүнүн эсептеринен тигилген. 

Ал эми элеттик өнөрпоздор бир эле ыр-күү жана бий менен гана чектелишпестен, элибизге нукура мүнөздүү каада-салттарды да чагылдырып, улуттук ашкана, кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрүн да өткөрүшүүдө.