Чоң-Алай өрөөнүндө жер силкинүүсү туруксуз абалда, бирок улам-улам байкалып жаткандыктан аталган районго 3-майдан тартып, өзгөчө кырдаал киргизилген.
Зилзаланын очогу болуп, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чектешкен аймак катталган. Чек арадагы жердин силкинүүсү 7 баллга чейин жеткени айтылууда. Мына бул- Кара-Тейит айылы дал ушул чек арага жакын жайгашкан айыл. 103 чакырым алыстыктагы бул айылда жер силкинүүнүн күчү 5-6 баллга жеткени айтылууда. Натыйжада, айылдагы бир катар турак-үйлөр менен соц.обьектерде олуттуу жаракалар пайда болгон.
3,5 миңдей калкты тейлеген аймактык оорукананын амбулатордук бөлүмү мындан эки жыл мурда эле авариялык абалда тургандыктан, жер титирөөдөн кийин, жараксыз абалга кептелди. Имарат 1994-жылы ашар ыкмасы менен курулуп берилген. Ал эми, 1988-жылы курулган төрөт бөлүмү «авариялык абалда» деп табылды. Оорукана бейтаптардын өмүрү үчүн кооптуу болгондуктан, стационардык дарылоо курсун алуучулар райондук ооруканага жиберилет.
Зилзаланын жогорку күчү Чон-Алай районунун Жекенди айыл аймагында сезилээрлик байкалган. Кара-Тейит айылынын 73 жаштагы тургуну Абибилла Кадыров, окуяны көз жашсыз эстей албайт.
Бактыга жараша, адам өмүрүнө зыян келген жок. Маал-маалы менен болуп жаткан майда жер силкинүүлөрдөн улам, жергиилктүүлөр турак-жайларына кирүүдөн кооптонуп турушат. Айрымдары, чатырларды күтпөй эле, короосуна боз үйлөрдү орнотууда.
Окуя болоор замат, президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы менен Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов Чоң-Алай өрөөнүнө келди. Боронов менен бирге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мониторинг адистери айыл аймактардагы турак-жай жана соц.обьектердин абалын көрдү. Учурда, Чоң-Алай райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жер титирөөнүн кесепеттерин аныктоо максатында атайын 4 топ түзүлүп, изилдөө иштерин жүргүзүүдө.
ӨКМ тарабынан адам өмүрүнө кооптонуу жараткан турак-жай ээлери үчүн 100 чатыр жеткирилди. Боронов, зилзаладан жабыр тарткандарга мамлекет тарабынан мыйзамдын чегинде гана жардам берилээрин эскертти.
Белгилүү болгондой, ушул жылдан башынан тартып, табигый кырсыктардан жапа чеккен турак жайларга мамлекет тарабынан каржылык субсидиялар берүү токтотулган. Мындан улам, турак жайларын өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу учурдун талабы экендигин адистер белгилейт. Аталган өрөөндүн жашоочуларынын 3 пайызы гана турак-жайын камсыздандырган. Жергиликтүү бийлик, бул өнөктүктү күчтөнтүүнү колго алды. Анткени, соңку кырсыкта “жараксыз” деп табылган турак-жайлардын бирөөсү да камсыздандырылган эмес.
Жалпы, Жекенди айыл аймагында же, Кара-Тейит, кара-Мык, Чулук айылдарында 281 турак-жай изилденип, 66 турак-жай авариялык абалга келип, жашоого мүмкүн эмес деп табылды. 215 турак-жайда майда жаракалар пайда болуп, аймактагы изилденген соц.обьетердин ичинен 2 ФАП, 1 почтанын имараты, 1 мектеп авариялык абалга келген.
Бул көрсөткүчтөр кечээги 7 баллга чейин жеткен 3 ирет кайталанган жер титирөөдөн кийин дагы өсүшү мүмкүн экендигин өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Азыркы тапта, орто-мектептер май айындагы майрам күндөрүнө байланыштуу 10-майга чейин жабылган.